"Байкабай жыгылып кеттим". Динара Акулова кулап кеткен видеосу боюнча билдирүү жасады


Социалдык тармактарга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулованын кокусунан кулап түшкөн видеосу тарады. Анда ырчы иш-чарада дуэт ырдап жаткан учурда кулап кеткенин байкоого болот.

Видео боюнча ырчы кыскача билдирүү жасап, сүрөткө түшкүсү келген коноктун көңүлүн кыя албай кокустукка кабылганын айтат.

"Урматтуу кыргыз элим, күйөрмандарым, досторум, интернеттеги баракчаларга видео тарап жатат. Бул нерсе атайын болушу мүмкүн эмес. Бул да болсо кырсык. Бирөөнүн көңүлү деп сынган жерди байкабай жыгылып кеттим. Бир кылмышкерди же сойкуну кармагандай эле блогерлер катталуучу топтоо максатында ызы-чуу кылып видеону чыгарып жатышат. Биз ырдап чыкканда фонограмма болгон эмес, азыр да жок. Өмүр бою чын жүрөгүм менен кызмат кылып келгем", - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча ырчыга байланышып, абалы тууралуу билүү мүмкүн боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Datka7777
2022-01-04 20:07:19
Фонограмма да!
+6
bond02
2022-01-04 20:30:28
Каратып туруп эле калп айтат го, жатып алып ырдадынбы кулап кеткенден кийин?
+9
Gulina00
2022-01-04 20:34:03
Элдин баары жыгылышы мумкун кокустук да эптеп эле шылдындоо экенда.
+6
Datka7777
2022-01-04 20:43:13
Gulina00,жыгылганы менен эч кимдин ищи жок! Бир ырдап койгону 300-500 $ турат. Ошондо жон эле той ээсин алдап фонограмма менен акчаны шыпырып кете бериш керекпи?
+6
Taku.14.02
2022-01-05 06:17:14
Datka7777,билип туруп той ээси эмне чакырат жандуу ырдагандан чакырбайбы
+1
Marni
2022-01-05 14:44:15
Taku.14.02,балким той ээси фонограмма менен ырдай турганын билген эмес.
0
Bishkek-Kg
2022-01-04 21:25:36
Жыгылганда ырдабайле онтоп ийетко, бул смело эч нерсе болбогондойле ырдай бериптир артист)))).
+9
Taalaibek.
2022-01-04 22:34:11
Уят эле Кыргыз эл артисти фонограмма менен ырдаганы. Озунун жандуу уну менен эле ырдаса болмок.
+5
futboler
2022-01-04 23:45:04
Элди фонограмма менен алдаган ошондой болот.
+5
elmira.
2022-01-04 23:48:30
Каратып туруп калп айтканын тоба
+4
Aimani
2022-01-04 23:59:59
Бул кырсык да. Элдин баары эле дүйнө жүзү боюнча фонограмма менен ырдайт. Акча төлөп чакырган эл өзүбүз. Ошол жерге муз.инстумент болсо ошол кафе ресторандарда акустика нормальный болсо анан живой ырдатмаксынар. Динара илгертен живой эле комуз,домбра чертип,оркестр менен, аккордеон менен ырдап эле жүрбөйбү. Эптеп эле жамандап калыш керек да кыргыздарга.
0
Asmat84
2022-01-05 00:34:26
Көз көргөндү көт берген жеңиптир дегендей каратып туруп калп айтасың го
+3
alym21
2022-01-05 00:47:24
Опооо....тим эле тойлордо жалан жандуу ун уккансып ызылдапсынарго.Нурлан,Данияр,Мирбек ж.б.у.с фонограмма мн эле ырдашат,дурбоп,жыргап бийлейсинер.Динара эжебиз жандуу ун мн чон концерттерди берип жургон убагында,эми элден калбай фонограмма мн ырдаса ырдаптыр да заманга жараша.Тойго озунор чакырасынар эчким силерди зордобойт.
+4
didu
2022-01-05 13:13:33
Ошондо тумаланып жатып ырдаганбы? Андай болсо Азамат экен
0
aida007
2022-01-05 13:53:14
Баары эле фонограмма мн ырдайт эмне болуптур, ырдаган ОЗУ да андан Коро эжекебиздин ал ахыбалын сурайлы жашы да отуп калган, жыгылып калса озун жакшы сезип жатабы жокпу? Динара эжекебиз сонун Эже бар болунуз
0
Haanykeim
2022-01-05 13:59:04
aida007,чалып сурап көр акыбалын..
0
Siren90
2022-01-05 17:48:57
Азыр минусовка деген бар да, коюп алып жандуу эле ырдаса болот, ал эми жыгылып кеткени жаман болуптур, жаш өтүп калганда оңбой жыгыласың, сөзсүз бир жерин оорутту го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан