Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бактарды кыюуга уруксат берилген эмес. Мындай билдирүүнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жазып чыкты.
"Бактарды кыюу тууралуу жазардан мурда бул план эч ким тарабынан бекитилбегенин, макулдашылбаганын тактап алуу зарыл. Бул Чичиковдун Москвадагы манежди сатуудагы көрүнүшүн элестетет", - дейт Эдил Байсалов.
Ал арада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коттедждерди куруу жана бак-дарактарды кыюу боюнча жарыяланган маалыматтарга жооп кылды. Мекеменин билдирүүсүндө бактарды кыюуга уруксат берилбегендиги айтылат. Ошондой эле долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирин баалоо боюнча экспертизага жөнөтүлбөгөнүн айтышат. Учурга карата жеринде эч кандай иштер жүргүзүлбөгөнүн кошумчалашты.
Белгилей кетсек, Караколдо коттедждер шаарчасын куруу үчүн бак-дарактарды кыюуга даярдык көрүлүп жатканы жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыяланган.