Казакстанда митинг башталган биринчи аймак Мангистауда газдын баасы 50 теңгеге түшөт. Бирок топтолгондор тарабай жатышат

Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов төрагалык кылган атайын комиссия Казакстандын Мангистау облусунда болуп, митингчилер менен жолугушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда. Маалыматта жазылгандай, Тугжанов нааразы тараптарга газдын бир литринин баасы 50 теңге боло тургандыгын айткан. Буга чейин аталган облустун жашоочулары анын баасы 120 теңгеге чыкканына нааразы болуп митингге чыгышкан.

Тугжанов Мангистаунун жашоочулары менен жолугушууда нааразычылык акциясына чыккандар камалбай тургандыгына өкмөттүн атынан кепилдик берилет деп сүйлөгөн.

Ошол эле учурда "Азаттыктын" казак кызматы Актаудагылар бул маалыматты укканы менен тарап кетпей турганын айтышканын жазды. Анда нааразычылык акциясына чыккандар "газга болгон бааны арзандатуу - бул биздин талаптардын бири гана болчу", - дешкен.

Ушул тапта Казакстандын бир катар шаарларында нааразычылык митингдери уланууда. Түн экенине карабай топтолгондор тарабай жатышат, тескерисинче аларга кошулгандардын саны арбын. Эл казак бийлигине газга, азык-түлүккө болгон баанын кымбатташы боюнча нааразы экенин айтышып, айрым аймактарда өкмөттүн, президенттин отставкасын талап кылышууда.

Өз кезегинде президент Касым Жомарт Токаев кайрылуу жасап, эртең борбор калаада социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар боюнча жыйын өткөрөрүн белгиледи. Ошондой эле ал митигчилерди элдин бүтүндүгүн бузууну каалаган тараптардын жетегине түшүп кетпөөгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-04 22:14:25
Походу революция болот окшойт. Бирок казак бийлиги биздикине окшоп эл үчүн бийликтен кетмейди билбейт. Ошондуктан, балким кан төгүү болуп кетиши мүмкүн.
0
Toxa76
2022-01-04 22:44:03
Революциядан пайда жок.Казак туугандарга тынчтык болсун.
+2
Asmat84
2022-01-05 00:38:58
Бизде да кымбатчылык күн сайын өсүүдө бийлик көзүңөрдү ачкыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан