Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Бул тууралуу өлкөнүн расмий сайттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлык 5-январда чыгып, өкмөт башчынын биринчи орун басары Алихан Смаилов убактылуу премьер-министрлик кызматты аркалоодо.
Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы митинг 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингге Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орол жана башка шаарлардын жашоочулары дагы кошулган. Митингге чыккандар өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.
5-январга караган түнү айрым жерлерде митингдин катышуучулары менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алды.