Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милицияга арыз менен Пакистандын жараны кайрылып, чала таанышы 2021-жылдын 5-ноябрь күнү Канада өлкөсүнө виза ачтырып берем деп алдап, андан 9 миң 500 доллар акчасын алган соң из жашырганын айткан.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери шектүү катары 1988-жылы туулган К.А. аттуу Пакистандын жаранын кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан