Баткенде эки тургундан ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"3-январь күнү Кыргыз-Кыштак айылынын эки тургуну ок атуучу куралын көтөрүп жүргөнү белгилүү болгон. Текшерүү иштеринин негизинде 2 даана сайсыз ок атуучу куралды эч кандай документтери жок, мыйзамсыз көтөрүп жүргөндүгү аныкталган. Бул материал Кадамжай РИИБинде каттоого алынып, мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар алынган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.