Казакстанда 200дөн ашык адам кармалып, 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 унаа талкаланган

Казакстанда коомдук коопсуздукту бузганы үчүн 200дөн ашык адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

"Жалпы 95 полиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алды. 37 кызматтык унаа талкаланды. Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу, бейбаштык, мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Азыркы учурда полиция күчөтүлгөн тартипте коомдук коопсуздукту камсыз кылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан