"Эч кандай түшүндүрмө жок". Тажикстан Кыргыз өлкөсүнүн 50 жаранын өлкөдөн чыгарды

Тажик тарап Кыргыз өлкөсүнүн 50 жаранын эч кандай түшүндүрмөсү жок Тажикстандан чыгарып жиберди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

"2-январь күнү болжол менен саат 20:20 чамасында мамлекеттик чек аранын "Карамык-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө Кыргыз Республикасынын 47 жараны өткөн. Бул жарандар Тажик Республикасынын Жергетал районунун жергиликтүү жашоочулары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү Тажик жарандары жана Тажикстанда жашашат.

2022-жылдын 4-январь күнү дагы үч Кыргыз жараны Тажикстандын аймагынан чыгарылган. Кыргыз жарандары мыйзамдуу түрдө Тажикстандын Лахш (Жергетал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан райондоруна барып, жашаган жерлерине убактылуу каттоого турушкан. Бирок буга карабай 2022-жылдын 2-4-январь күндөрү тажик бийлиги эч кандай түшүндүрмөсү жок тууган-уруктары менен коштошуп алууга уруксат бербестен 24 сааттын ичинде Тажикстандан чыгарып жиберишкен. Кыргыз жарандары "Карамык-авто жол" жана "Бордобо-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу өтүшкөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
emirchik
2022-01-05 15:04:50
Согушка даярданып жатат Тажибайлар
0
-FREEDOM-
2022-01-05 15:29:24
Чочко эле булар
+5
talas0707
2022-01-05 15:42:43
Бизде тажиктер жокпу кандай привет такой ответ кылбайбы, же ушунчалык биздин армия алсызбы.
+5
Semakursant
2022-01-05 16:16:15
talas0707,бул жерде армия жөнүндө жаман сөз жазбайле койгонуңуз туура. Анткени күч түзүмдөрү бийликтегилердин буйругу менен гана иш алып барат . Эгерде чындап эле армия өзү бул ишти кылганда лично кууп чыгартырмакмын.
-1
Salixa.
2022-01-05 16:32:42
talas0707,оюундан от чыгарганы олтурушат азыр баары четте карап ,тынчтык болсун.
0
Gulina00
2022-01-05 15:42:56
Иттер,булар барбы бизде дагы айдайлы.
0
Fernando_Torres
2022-01-05 16:48:38
Бизден кууп чыкканы тоджиктер бар эмнеге болбосун студент жана иштеп аткан тоджиктер бар аларды чыгарып ответ бериш керек согуш болбой кудай сактасын
0
erkegenje
2022-01-05 19:36:21
Биздегилер чыгарбайт акчасын алып крышават этип журоберет акчанын кулдары
-1
Malin
2022-01-05 22:59:38
тажик бийлиги же тажик эли этникалык кыргыздарды чыгардыбы? тушунуксуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан