Казакстандагы массалык башаламандык, кагылышуудан улам өлкө лидери Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 5-январда дагы кайрылуу жасады.
"Мен президент катары жарандарыбыздын коопсуздугун жана бейпилдигин коргоого, Казакстандын бүтүндүгү үчүн тынчсызданууга милдеттүүмүн. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын жыргалчылыгына багытталган. Бирок бул чаралар азырынча жетишсиз экен.
Ошондуктан мамлекет башчысы катары жана бүгүндөн баштап Коопсуздук кеңешинин төрагасы мүмкүн болушунча катаал аракет кылууну көздөп жатат. Бул биздин жарандарыбыздын коопсуздугу боюнча маселе, алар мага өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн өмүрүн коргоо боюнча көп өтүнүч менен кайрылышат. Бул мамлекетибиздин коопсуздугуна байланыштуу маселе. Эл мени колдойт деп ишенем. Эмнеси болсо да борбордо болом. Эл менен бирге болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул кара тилкени бирге жеңебиз.
Сүйүктүү шаарыбызда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине массалык кол салуулар болуп жатат. Алардын арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Топтогон бандиттик топтор аскер кызматкерлерин сабап, жылаңачтап, шылдыңдап, көчө аралап, аялдарды кордоп, дүкөндөрдү тоноп жатышат. Абал коркунучтуу. Кээ бир башка облустук борборлордо абал курчуп кетти. Ушуга байланыштуу мен бир катар аймактарга өзгөчө кырдаал киргиздим. Бул зарыл чара", - дейт ал.