Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы “адам
өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды” деп билдирди.
Маалыматка ылайык, Панфилов районундагы Кайыңды айылында 17-ноябрь күнү 28
жаштагы жергиликтүү жашоочу эки адамды бычактап кеткен. Алардын бирөөсү алган
жаракатынан каза болсо, экинчиси учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Аталган факты боюнча Панфилов РИИБинин иликтөө
бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Кылмыштын изи сууй электе шектүү адам
кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.