Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу Казакстандагы кырдаалга кылдаттык жана тынчсыздануу менен көз салып турганын кабарлайт. Тышкы саясий ведомствонун маалымат кызматынан белгилешкендей, Кыргыз өлкөсү бир тууган Казакстандын жанында болгон жана ошол бойдон кала берерин белгилешти.
"Кыргыз жергеси боордош Казакстанга ар кандай колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр. Кыргыз Республикасы Казакстан түзүлгөн кырдаалды өз алдынча жана сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салууга кудуреттүү экендигине ишенимин билдирип, союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары зарыл болгон учурда бир тууган Казакстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастайт.
Зордук-зомбулук, провокация, ошондой эле мыйзам бузууларга жоопкерчиликсиз чакырыктар курч маселелерди жеңүүгө алып келбейт, тескерисинче, карапайым калктын абалын начарлатат. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана Казакстандын ар бир жаранынын бакубаттуулугу үчүн бир тууган Казакстан элине чын жүрөктөн тынчтык, стабилдүүлүк жана биримдик каалайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.
Митинг тууралуу кыскача:
Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Бүгүн, 5-январда казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, башаламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.
Ал арада президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, кагылышууда жабыркагандар, каза болгондор бар экенин айтып, аскер кызматкерлерине, укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай кырдаалда өлкөдөн тышкары чыкпай турганын, эл ага колдоо көрсөтөрүнө ишенерин белгиледи.
Абал курчуганына байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы дагы өлкөдөн чыкканы айтылды. Ал эми тунгуч президент өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кетүүгө даяр экени кабарланды. Андан кийин Казакстан боюнча өзгөчө абал жарыяланды.