Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылууну ылайыктуу деп эсептейт.
"Чынында, бул коркутуу эмес. Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү жана жарандарыбызга кол салуу болуп жатат. Мен сиздердин кызыкчылыктарыңыздарды коргоо үчүн бардыгын жасайм деп ишендирем.
Казакстанда иштеп жаткан кылмыштуу топтор ок атуучу куралдар сакталган жайларды басып алып, окуу жайлардын курсанттары менен мушташып жатышат.
Алматыда 5 учак уурдалып, аэропортту террорчулар басып алышты. Алматыдагы тополоңго катышкандар чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүшкөн", - дейт Токаев.
Жакын арада келишим боюнча Казакстандагы нааразылык акцияларын басуу үчүн Орусия менен Беларустан коопсуздук кызматкерлери келери да маалымдалат.