Баткен шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдан билдиришкендей, саат 05:18де Баткен шаарынын И.Эшимов көчөсүндө турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 6:26да чектөөгө алынып, 06:55те толук өчүрүлгөн.
Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан. Материалдык чыгым: 1 даана кресло, 5 даана шифер, 25 метр рейка.
Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар жок.