Каракол жаратылыш паркында коттедждерди куруу үчүн бак-дарактар кыйылган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, буга чейин ЖМКларда Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы коттедждерди куруу үчүн бак-дарактар кыйылып жатканы тууралуу чыккан маалыматтарга байланыштуу министрлик текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында аталган парктын аймагында эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөгөндүгү жана бак-дарактарды кыюуга уруксат берилбегендиги белгилүү болгон.
"Маалыматтын негизинде инспекторлор жеринде кароо иштерин жүргүзүшүп, кандайдыр бир иштердин жүрүшүн аныкташкан жок. Ошондой эле макалаларда көрсөтүлгөн аймакта бак-дарактарды кыюуга уруксат берилген эмес жана кайсы бир долбоорлордун экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө материалдары келип түшпөгөндүгүн билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.