Казакстанда окуучулардын кышкы каникулу 17-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы Билим берүү министрлигинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты.
Басылманын маалыматына ылайык, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттеринин каникулу 24-январда аяктайт.
"Мектеп мугалимдери жашаган жериндеги кырдаалга жараша аралыктан же салттуу форматта иштешет. Ал эми бала бакчалардын иштөөсү кырдаалга жараша болмокчу", - деп жазылат маалыматта.
Митинг тууралуу кыскача:
Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек, баш аламандык уланып, демонстранттар бир катар имараттарды басып алышты.