"Жоолугу менен муунткан". Кара-Сууда күйөөсүнүн колунан көз жумган аялдын өлүмүнүн чоо-жайы

Ош облусунун Кара-Суу районунда унаадан жансыз денеси табылган келиндин күйөөсү окуянын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга караган түнү жансыз денеси унаадан табылган келиндин өлүмү сөз талашуудан жаралган жаңжалдан улам орун алган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, 1983-жылы туулган шектүү М.А. өз көрсөтмөсүндө каза болгон Г.Т. анын экинчи жубайы экендигин айткан. Ошондой эле 2022-жылдын 3-январь күнү пикир келишпестиктин айынан сөз талашып урушкандыгын, 4-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында аялын алып, унаасы менен Өзгөн шаарына барып, ал жактан кайрадан Ош шаарына карай келе жатып, Фуркат айылына келген учурда экөө сөз талашып урушуп кетишкендигин айткан.

Унаасын талаа тарапка айдап, токтоткондо аялы түшүп, жерден кыш алып урган учурда, аялын колу менен бет тарабына 1-2 жолу уруп, кармаша кетип жерге жыгылган. Ошол учурда аялынын оозун колу менен жаап, жоолугу менен муунтуп, аялы кыймылдабай калганда унаанын арткы орундугуна отургузуп, окуя болгон жерден жөнөп жаткан учурда милиция кызматкерлери келгендигин билдирген.

Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаанын ичинен аялдын жансыз денеси табылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
karabet
2022-01-06 15:28:20
сакалы бар ыйманы бар экен
кое бериш керек
мындай болушу мумкун эмес
намаз окуйт экен
кое бериш керек

аялынын озунун тили узундур да
-20
Egizderim-baktim
2022-01-06 15:33:14
karabet, сен бул чын эле айтып жатасынбы тушунбодум, сакалы болмоктон орулгон чачы болсун блин жазасын алсын
+12
Jibani
2022-01-06 17:17:33
karabet,не деп жатканынды озун окуп ойлонуп корчу сен нормальный элесинби?
+6
Datka7777
2022-01-06 20:26:28
karabet,шашпа сени мууткандан кийин коюп жиберебиз
+2
Jibani
2022-01-06 21:34:07
karabet,мал
+1
Monsterbek
2022-01-07 13:32:00
karabet,Сакалчан бироо сенин уйбулондон бироону олтуруп койсо анан аны койо берсе эмне дейт элен?
+1
JaneEr
2022-01-06 15:44:42
Канчалык кыйналсанар да экинчи аял болбогула!Только кордук коросунор,укугунарды эч ким коргобойт!
+2
Bakytbek79
2022-01-06 16:25:32
карабет какшыктап атат моллокелерди
+4
Zarema11
2022-01-06 16:26:20
. Маңкурт андан көрө асынып өлүп алсаң боло. Аялга күчүңдү көрсөтпөй.Өзү аялдар курал менен жүрө турган заман болуп калды.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан