Бүгүн, 6-январда Ак Үйдүн алдында митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына чыккандар кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы экендиктерин айтышууда.
Алар "Кыргыз-казак бир тууган", "Кыргыз казакка ок атпайт", "Кыргыз эли казак эли менен" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.