Тажикстан Казакстанга 200 аскерин жөнөтөт

Тажикстан Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Алматы шаарына 200 аскерин жөнөтөт. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булагына таянуу менен Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аскерлер ЖККУнун алкагында Казакстанга барып, коомдук коопсуздукту камсыздоого жардам берет.

Буга чейин Орусиянын аскер кызматкерлеринин Казакстандын Алматы шаарына жөнөп жаткан видеосу жарыяланган.

Кечээ Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөргө кайрылганы айтылган.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Isken90
2022-01-06 16:35:16
Кысып эле жашагылачы итак озунор кыл устундо турасынар талибандар бир куну силердида жаман кылат
+11
alinsan
2022-01-06 16:51:01
Isken90,Кийин бир нерсе болсо казактар да жардам берет деп жонотушсо керек
+7
Chagylgan7
2022-01-06 16:52:06
alinsan,Казактар жакшылыкты билбейт
+5
asad9
2022-01-06 18:20:24
Ички ишке кийлигишкенге эч кимдин акысы жок
Эмне Казакстан башка мамлекет менен согушуп жатты беле. Ойлонбойсуңарбы кичине. Эл нааразы болуп жатат.
+5
Sajakat14
2022-01-06 23:23:28
Кыргызстан Казакстанга аскердик күч жөнөтпөш керек! Эч кандай Токаев айткандай терорристтер жок бул иште! Эл менен бийлик кагылышып жатат! Кыргыз аскерлери барып алып казак элин атмак беле? Өз иштерин өздөрү териштирип алышат! Кыргыз парламентине 3-5 өкүлдөрү барып кеңеш берип келсе болот. Медициналык жактан жардам берсе болот. Же тамак аштан. Бирок аскер жиберген болбойт! Орусия, Армения, Тажиктерге баары бир! Биз Өзбекстандай болуп аскер жибергенден баш тартышыбыз керек!
+2
SHaidulda
2022-01-07 02:40:31
Ички иштерине эч бир олконун акысы жок болчу бут башын бириктирген дикдатор олколор жонотуп жатат аскерлерин
+1
Sajakat14
2022-01-07 05:17:07
SHaidulda,ооба. Диктаторлор элибиз бизди дагы ушинтип тактыдан түшүрөбү деп сестенип алдын ала каршы чыгып жатышат.
0
shahlet
2022-01-07 05:45:21
Баргысы келген чондор озу бара берсин. Аскерде карапайым элдин балдары журот, же чондордун балдары аскерде жургонун ким корду!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан