Футзал боюнча "Азия Кубогу - 2022" турнирине тандап алуу оюндарына чүчү кулак тартуу аземи бүгүн, 6-январда болуп өттү.
⠀
Кыргыз курамасы 2022-жылдагы Азия Кубогунун бириктирилген Борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндарын кабыл алат. Турнир 1-15-апрель күндөрү Бишкекте өтөт.
⠀
Бириктирилген Борбордук жана Түштүк зонага 8 өлкө кирет.
⠀
Чүчү кулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 4 командадан турган 2 тайпа түзүлдү.
⠀
"А" тайпасында төмөндөгү командалар жайгашты: Иран, Кыргыз өлкөсү, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.
⠀
"B" тайпасында болсо: Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал жайгашты.
⠀
2022-жылдын 22-сентябрынан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.