ТИМ: Алматы шаарынан кыргыздарды эвакуациялоо үчүн автобустар уюштурулду

Казакстанда акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз жарандары чек ара аркылуу эвакуацияланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендештерге консулдук-укуктук жардам да көрсөтүлүүдө.

"Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулуп, жарандарды эвакуациялоого кеткен чыгымдардын баары төлөндү. Мекендештер "Ак-жол" көзөмөл өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, аталган жерден министрликтин консулдук департаментинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардам көрсөтүшөт.

Министрлик Казакстанда жашап, иштеген мекендештерибизди мыйзамдарды жана эрежелерди туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз мамлекетинин Казакстандагы элчилигинде жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат, ал номерлер аркылуу Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышат.

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти;

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери
+996 555 007 626
+996 708 52 21 37
+996 707 989 895
+996 709 983 465;

Нур-Султан шаарындагы элчилик;
+7 (776) 124-88-33
+7 777 4733009

Алматы шаарындагы Башкы консулдук;
+7 777 8150072 - Кайрат Жакыпов
+7 777 0371448 - Гульзат Абдурасулова
+7 777 0275596 - Жаркынай Сансызбаева
+7 775 4634295 - Медер Сапаралиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2022-01-06 19:30:00
Кулчүлукта жүргөн кыргыздарды да алып келгиле, айланайындар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан