Президент Казакстанга аскер жөнөтүү боюнча митингге чыккандарды популисттер деп атап, бул кырдаалдан пиар жасабоого чакырды

Бүгүн, 6-январда Фейсбуктагы Садыр Жапаров деген баракчага президенттин атынан билдирүү жазылды.

Анда өлкө башчы аскерлерди жөнөтүүгө каршы чыккан жарандарды "популисттер" деп атап, алардын "трагедиядан арзан пиар" жасап жатканын айтты.

"Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы "жети өлчөп, бир кесип" жатабыз. Биз армиябызды "митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла" деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпай турганына терең ишенебиз. Тескерисинче туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз. Кандай жардам? Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик", - деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта баштаганын кошумчалап, аларды аскер жиберүүгө каршы чыкпоого үндөдү.

"Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коёлу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Казакстанда орун алып жаткан кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртең, 7-январга жылдырылды.

Эске салсак, Казакстанда 1-январдан тарта газдын кымбатташы себептүү нааразычылык акциясы башталып, 4-январда митинг курчуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 5-январда Казак өкмөтү отставкага кетти. Бирок эл дагы деле тынчтана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
EddieNigma
2022-01-06 21:11:53
Өзүң бар, Камчы гопникти ээрчитип алып.
-5
Kuban-1207
2022-01-06 21:17:48
EddieNigma, Нормалный сүйлөчү эртең камалып кетесиң
-5
EddieNigma
2022-01-06 21:25:57
Kuban-1207,ыйык Садырга 1-2 сын айтып койсок сооп болот.
0
Antiradikal10
2022-01-06 21:40:15
Kuban-1207, кимди камап жетишесин? Камалсан эле камалып кала береби? Эртен эл толкуса ишенген Садырын менен Камчын оздору камалып калбасын. Эл менен ойношпогула, акмактар!
-3
Rusi79
2022-01-06 22:20:57
Antiradikal10,Сен жиндикананын пациенти зомби келосоого айткамын тийишпе мага деп.
Долбоебсунбу ишин эмне менин комментарийлеримн нах киришесин мага тупой зомби.
0
Rusi79
2022-01-06 22:22:40
Antiradikal10, Э чумо озум билем не деп жазышты алыс ойно менден чурбан.
0
Mamytovv_n
2022-01-06 21:22:40
Өзбек президентти жөнөтбөйм деп эле айтыптыр армиясын ички ишиңерди өзүңөр чечкиле деп эмнеге биздин мамлекет да ошентип айта албайт
+9
KaGaH
2022-01-06 21:23:58
Былтыр күздө бизде переворот болгондо казактар келип Сокеге жардам берди беле?
Садыр кечирип кой сен да болбодуң,андай экен эмнеге бизге тажиктер кол салганда ОДКБ нын миротворецтери келген жок?
Ууру бийлик жанталашып атат кресло үчүн Казакстанда ошолорго жардам берем деп казактарга жаман көрүнөсүң камчы экөөң баргыла токаевге, вообще то ОДКБ сырткы душмандарга каршылык көрсөтүү үчүн түзүлгөн уюм,ал жерде жөнөкөй эл, Путин да аркасын ойлоп жатат да,Казакстанды колдон чыгарам деп Украинаг
+6
Bishkek-Kg
2022-01-06 21:26:23
Казахстан бул нерселерди көрбөйт, эртең эле унутуп, артыңарга суу куят. Тим боорукер болуп кетесиңерда. Бир ууч тажиктен коргой албаган аскерлериңер эми ошол казактарга туруштук бере алат беле!!!
+3
emirchik
2022-01-06 21:32:49
1847-ЖЫЛЫ ОРМОН ХАН КЕНЕНСАРЫНЫН БАШЫН АЛЫП КОЙГОН ОШОНУ ДАГЫ ДЕЛЕ КАЗААК ТУУГАНДАР КЕК САКТАП КЫРГЫЗДАРГА АЙТЫП ЖУРОТ ОШОГО ТЫНЧЫРАК ЭЛЕ АСКЕРЛЕРДИ ЖИБЕРБЕЙ ЭЛЕ КОЙГУЛА МАМИЛЕБИЗДИ БУЗУП АЛБАЙЛЫ
+7
Isken90
2022-01-06 21:39:31
Казактар тажиктерге жардам бергенин унутуп калдык окшойт
+3
Antiradikal10
2022-01-06 21:44:43
Акмак Садыр "Ормон опузасын" баштадыбы? Кечээ эле турмодо мойну башы кесилип кан ичинде жатканын унутуп калдыбы? Бийликке аны ким алып келгенин унутуп калдыбы?

Казак эли да кыргыз эли сыяктуу оз келечегин озу аныктоого укуктуу. Казактардын ички ишине кийлигишууго эч бир келишим жол бербейт, жол берсе ал эл аралык конвенцияларга каршы келет... Башка олконун ички саясатына аралашуу, ал олко эгемендигин тебелоо дегенди тушундурот!
-5
Antiradikal10
2022-01-06 21:46:18
Казактар кимге жардам берсе да, казак элине каршы аскер жонотууго акыбыз жок.

Тажиктерге жардам берсе, Токаев жардам берип келди, казак эли эмес. Эми ошол тажиктерге жан тарткан Токаевге жан тарткан Жапаров акмак эмес ким?!
-4
Datka7777
2022-01-06 22:06:01
Ички маселеси ал казактын , солдаттардын убалына калбагыла уч пахан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан