Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алихан Смаилов менен сүйлөшүү жүргүздү. Тараптар бүгүн, 6-январда телефон аркылуу сүйлөшкөнүн министрлер кабинетинин маалымат кызматынан белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Казакстандагы коомдук-саясий абалды талкуулашты.
"Акылбек Жапаров бир тууган казак элине, анын ичинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун милдеттенмелеринин алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Алихан Смаилов Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда болуп өткөн окуялар кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүнүн мындан аркы өнүгүшүнө жана бекемделишине тоскоол болбой турганын белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.
Коңшу өлкөдөгү кырдаалды президент Садыр Жапаров дагы Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен талкуулаган.