Ош облусунун Өзгөн районунун Шамал-Терек айылында курулушу аяктаган мектеп пайдаланууга берилди. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашат.
Ачылуу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, белгилүү тарыхчы-журналист Кыяс Молдокасымов, Жумаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жаңы мектептин имараты 375 окуучуга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 66 миллион сомду түзөт.