Казакстандын Алматы шаарында массалык башаламандыктын чок ортосунда жүргөн телеканалдардын биринин кызматкери каза болду. Мындай маалыматты казак басылмалары Телеграмдагы каналга жарыялашты.
Андагы маалыматка караганда, президенттин резиденциясынын аймагында жүргөн телеканалдын биринин кызматкерлерине ок тийген.
"Алматы" телеканалынын тартуучу тобуна ок атылды. Унаанын айдоочусу каза болсо, журналисттин бир нече манжалары сынып, ооруканага жаткырылды. Ал эми Казакстандын Ички иштер министрлиги жана бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары резиденциядан анча алыс эмес жерде жайгашкан республикалык аянтта абал туруктуу экенин маалымдашкан", - деп айтылат кабарда.
Ал эми аталган телеканалдын директору бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартканы белгиленди.