Казакстандагы кырдаалга байланыштуу 6-январга карата 42 адам Кыргыз өлкөсүнө эвакуацияланды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, өлкөгө келгендердин арасында Орус, Өзбек, Тажик жарандары да бар.
"Атайын уюштурулган транспортто 20 Кыргыз жараны, алардын ичинде аялдар, балдар бар. Андан тышкары Орусиянын 20 жараны, Тажикстандын 1 жана Өзбекстандын 1 жараны бар", - дешти тышкы саясий ведомстводон.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз жарандарын мекенине алып келүү иши улантылат.
Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин алдын ала маалыматына ылайык, массалык тартипсиздиктерге, чыр-чатакка катышкандардын арасында, ошондой эле жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары катталган эмес.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы расмий өкүлүнүн маалыматына ылайык "Алматы" эл аралык аэропорту 2022-жылдын 19-январына чейин өз ишин токтотот.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.