6-январда Бишкектеги "Манас" аэропортуна Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин жеке учагы келип конгондугу тууралуу маалымат тарады. Маалыматты тактоо үчүн аталган аэропорттун басма сөз кызматына кабарлашканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, Bombardier үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна келип конгон.
"Кечээ, 6-январда Bombardier учагы Дубайдан (БАЭ) учуп келди. Ал коммерциялык каттамда болгон. Учак кимге таандык экенин жана ичиндеги жүргүнчүлөр ким экендигин билбейбиз. Анткени бул биздин компетенцияга кирбейт", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласынын жеке учагы Бишкекке конгондугун Flightradar24 сайтына таянуу менен казак басылмалары жазып, учактын сүрөтүн жарыялашты. Андан Bombardier Global 5000 жеке учагы саат 22:10 чамасында "Манас" аэропортуна конгондугун көрсөк болот. Каттоо номуру 9H-AVA.
Сайттагы дагы бир маалыматка таянсак, учак Бишкек шаарына Абу-Дабиден келди.