Түндүк Корея Пекинде өтүүчү XXIV кышкы Олимпиадага катышуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз кастык күчтөрдөн жана глобалдык пандемиядан улам Олимпиадага катыша албайбыз, бирок биз кытайлык жолдошторубуздун кереметтүү Олимпиада оюндарын өткөрүү боюнча ишин толук колдойбуз", - деп айтылат Түндүк Кореянын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.