Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Кыргыз өлкөсүндө өткөн 3 төңкөрүштө президенттер ЖККУга кайрылган учур катталды беле деп суроо салды.
УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиев ЖККУга кайрылышпаганын айтты.
"Кайрылышкан эмес. 2010-жылы гана Ошто болгон коогалаңда убактылуу өкмөт кайрылган деген маалыматтар бар. Бирок ал маалымат деле такталган жок. Ал эми 2005-жыл, 2020-жылдагы элибиздин каалоосу менен болгон маселелерде эч ким эч жакка кайрылган эмес. Биз өзүбүз эле, кыргыз коомчулугу маселебизди чечип алганбыз", - деп жооп берди Ташиев.