Бишкекте батирлердин биринде аялдын жансыз денеси табылды

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү 8-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эшиги бекилип, ачылбай жаткандыгы тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке куткаруучулар тобу барганда, батирден аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркум 1946-жылы туулган. Аты-жөнү такталган соң анын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан