"Биз карапайым калкпыз, террорчу эмеспиз". Алматынын борборундагы сүрөт жарыяланды

Алматы шаарынын борборунда бир нече адам "Биз карапайым калкпыз, террорчу эмеспиз" деген жазуусу бар плакатты кармап турган сүрөт социалдык тармактарга тарады.

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт тартылгандан жарым саат өткөндөн кийин аларга карата ок чыгарылганын жазышты.

6-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, анда атышуунун уюштуруп жаткандар террорчулар экенин айтып, ЖККУдан жардам сураган.

Мындан улам Орусиянын, Беларусь өлкөсүнүн аскерлери Казакстанга кирген. Учурда Тажикстандын, Армениянын аскерлери учууга даярданып жатышат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн аскерлерин Казакстанга жиберүү боюнча маселени Жогорку Кеңеш жабык эшик артында карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal10
2022-01-07 13:41:17
Назарбаев, Токаев, Путин, Лукашенко, Пашинян, Эмомали Рахмон, Садыр Жапаров, Ташиев баары ушул турган карапайым элге ок атып, элдин эркин сындырып, канкор казак бийлигин сактап калуу учун ушул карапайым казак элине кол которуудо, колдорун кан менен жууп.........
+6
Sajakat14
2022-01-07 18:45:35
Antiradikal10,кан коё бербейт. Аягы жакшы болбойт! Парламент кыргыз элинин каалоосун, чечимин уккан жок!
+1
Milduri
2022-01-07 14:29:33
Кой эми ачууга алдырба, ар бир жамандыктын артында бир жакшылык бар, иншАллах баары жакшы болоттур.
+1
Nurmuhammad-19-07
2022-01-07 16:02:50
Армияны жонотконунун себеби булар да кийин чон митинг болсо бизге жардам бергиле ОДКБ биздин элди ата бергиле анан биз билбейбиз ким атканын деп кутулабыз деп жатышат,бирок Кыргыз элим жараткан АЛЛАХктан анын периштелеринен корпосок, башка эчкимден коркпойбуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан