Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол", "Ак-Тилек" өткөрмө бекеттери жабылды

Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды. Бул тууралуу 7-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, аталган бекеттер жүргүнчүлөр жана жүктөр үчүн толук жабылган.

Чек ара кызматы 7-январда эртең менен казак тараптын демилгеси менен Кыргыз-Казак чек арасындагы “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттери убактылуу жабылганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2022-01-07 14:10:34
Кымбатчылык эми башталдыбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан