Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди. Бул тууралуу чечим бүгүн, 7-январда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Эл өкүлү Эрулан Кокулов аскерлерди жиберүүгө каршы добуш бергенин айтып, Фейсбук баракчасына билдирүү таратты.
"Бул суроо оор болду. Ким эле башка өлкөгө аскерин жөнөтүп, бул жакта отургусу келет. Өз позицияңды айт дешти. Мен каршы деген добуш бердим. Ал дагы оңойго турган жок. Анткени бул жакта көп суроолор бар экен. Бирок ошого карабастан мен каршымын деп чечим чыгардым. Чынын айтканда, абдан оор болду. Көп убакыт ойлонууга туура келди. Эгер биздин аскерлер Казакстанга бара турган болсо, мен дагы барайын деп сурандым", - деди Кокулов.