Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин инисинин баласы кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мурдагы улуттук коопсуздук кызматынын биринчи орун басары Самат Абиш эки саат мурун Алматыда кармалган.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.