Казакстандын крим төбөлү Арман Жумагелдиев (Дикий Арман) кармалганы буга чейин маалымдалган. Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, крим авторитет менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун 6 мүчөсү дагы колго түшүрүлдү. Алардын жанынан ар кандай маркадагы жана калибрдеги 4 автоматтык тапанча, ок-дарылар, курал жана бир бронетехника алынган.
Буга чейин Арман Жумагелдиев Казакстанга учуп келип, митингге чыккандарды чагымчылдарга алданбай, башаламандыкка алдырбоону айтып чыккан.