Иркутсктагы колониялардын биринде соттолуучулар кан тамырларын кесишти

Орусиянын Иркутск облусундагы колониялардын биринде эркинен ажыратылгандар массалык түрдө кан тамырларын кесишти. Бул туурасында чет элдик басылмалар Телеграмдагы каналга жарыялашты.

Андагы маалыматтарга караганда, абактагылар камак жайдын шартына нааразы болушуп былтыр декабрь айында ачкачылык жарыялашкан.

"Соттолгондордун айтымында, Ангарскидеги түзөтүү абагынын кызматкерлери аларды сабап, зомбулук жана кемсинтүү менен коркутушкан. Ошол эле учурда медициналык жардам көрсөтүлбөйт, абактагылар жашоо шарттын оор экенине даттанышат. Мындан улам 28-декабрда 7 адам ачкачылык жарыялап, кийинчерээк 6 киши кан тамырларын кесишкен", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан