
Кыргыз аскерлеринин Жааматтык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп жаткан видеосу жарыяланды.
Белгилүү болгондой, Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлдү. Аларды ташуу үчүн эки учак колдонулганы айтылууда. Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койду.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.