"Атактуу болбогонум үчүн "Акшооланын ырын" аткарбай калгам" дейт ырчы Бакыт Сейталиев

"Ыр маек" рубрикабыздын кезектеги коногу обончу, ырчы Бакыт Сейталиев болуп, өзүнүн жаңы чыгармаларын аткарып берди.

Учурда интернет айдыңында "Эч качан өкүнбө" ыры көптөгөн көрүүчү топтоп, популярдуу болуп жаткан чагы. Буга чейин дагы автордун бир нече ырын белгилүү эстрада ырчылары ырдап келген. Ошондой эле ал "Акшооланын ыры" аттуу чыгармасына дагы кеңири токтолуп, атактуу болбогону үчүн учурунда аткарбай калгандыгын айтат.

"Акшоола" сериалында эки саундтрек жазгам. Анан режиссёрлор бирөөсүн Самара Каримова ырдасын дешти. Себеби ал дагы белгилүү ырчы, анын үстүнө сериалда башкы каарман дешти. Макул болдум. Анда экинчисин өзүм аткарам дедим. Тилекке каршы, атыбыз чыкпаганы үчүн аткарбай калдык. Анткени биздин аудитория кичине болгон үчүн, аты чыгып калган ырчылар аткарышты. Буюрса, ошол ырларды өзүм жаздырып, алып чыгайын деп жатам", - дейт Сейталиев.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

#ЫРМАЕК “Эч качан өкүнбө” ырынын автору Бакыт Сейталиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан