Кыргыз-Казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттери чектөөлөр менен иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы SUPER.KG порталына маалымдады.
"Учурда айрым чек ара бекеттери чектөөлөр менен иштеп жатат. Чектөөлөр тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Тактап айтканда "Кең-Булуң автожол", "Токмок автожол", Каркыра автожол" чек ара бекеттеринен башкасынын баары чектөөлөр менен иштеп жатат", - деди басма сөз катчысы.
Эскерте кетсек, 7-январда эртең менен казак тараптын демилгеси менен Кыргыз-Казак чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылганын маалымдаган.