Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.
8-январга карата төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат:
"Чалдыбар-автожол" - "Сыпатай Баатыр-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен;
- Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат;
- Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.
"Ак-Жол-автожол" - "Кордай-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
- Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.
"Ак-Тилек-автожол" - "Карасу-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
- Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.
Талас облусундагы "Чоң-Капка автожол" - "Айша-Биби-автожол" төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:
- Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;
- Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.
2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
Эскерте кетсек, бүгүн, 8-январда Кыргыз-Казак чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттери чектөөлөр менен иштей баштаганы айтылган.