Бишкекте 19-ноябрда алдамчылык менен алектенген Гватемаланын жараны кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин
атайын иликтөөчү тобу борбордо жана Чүй облусунда алдамчылык менен алектенген чет
өлкөлүк жарандарды издеп жаткан. Алар кагаздан жасалган долларларды сатып,
курмандыктарына атайын химикаттардын жардамы менен чыныгы валютаны алса болот деп ишендиришкен.
Акча жасоочу химикаттарды жана кагаздарды чет өлкөдөн алып келүү үчүн чоң
суммадагы акча керек болгон. Адамдардын ишенимине кирип, алардан акча алып
турушкан.
Ички ишткер министрлигинин Мыйзамсыз баңги-заттарды ташууга каршы
башкы башкармалыгынын жана Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылык
менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Кармалган 1981-жылы туулган Гватемаланын жараны Пласидио Лопес Эрнандестин Иран, Азербайжан, Япония, Казакстан жана Тажикстанда
алдамчылык кылган аракеттери тууралуу маалыматтар бар.