
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
ӨКМдан билдиришкендей, саат 01:56да Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркеч-Там, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.