
Казакстандагы баш аламандыкка катышкан деген шек менен кармалган Кыргыз жаранынын видеосу
тараган. Андан соң Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Викрам Рузахунов Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.
"Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргыз жаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.
Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казакстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларга жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей өтсөк, буга чейин видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин
жазышкан.