
Президент
Садыр Жапаров Казакстандагы баш аламандыкка катышканга шектелип кармалган кыргыз музыканты
Викрам Рузахунов боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу президенттин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
Төмөндө мамлекет башчысынын билдирүүсү:
"Урматтуу мекендештер!
Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.
Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү", - деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.
Маалымат үчүн:
Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.