"Президенттин сөзүн так чечмелөөнү өтүнөм". Өлкө башчынын маалымат катчысы Жапаровдун посту боюнча түшүндүрмө берди

Бир катар орус басылмалары Садыр Жапаровдун билдирүүсүн Кыргыз өлкөсүнүн президенти Кыргыз жарандары Казакстандагы митингге катышышы мүмкүн экенин айтты деген тема менен берип жатышат. Буга байланыштуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө жазды.

"Кымбаттуу достор!
Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем.
Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди.
Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Toxa76
2022-01-09 22:36:59
Биз туура эле тушундук президентибизди.Садыр Жапаров азамат туура эле оюн айтты.
+14
Toxa76
2022-01-09 22:41:23
Казак бийлиги Кыргызды да куноолуу кылып жатат.Оз Элин террорист деп кырып салды .кобун камады.
+11
CAPATAH
2022-01-09 23:07:16
Президентине айт анда,же блогерлигин кылсын же президент болсун
-6
zhaynak
2022-01-09 23:46:53
CAPATAH, сен дагы комментарийлерини бир туйунчокко туй дагы, президенттин ордуна барып иште. Если кучун, духун, мээн, опытын, мээнетин жетсе конечно. Кот.н чыдабаса анда оюна келгенди жаза бербе. Элди ара жол кылбай. Эмне жагат озу силерге.
-1
Marni
2022-01-10 00:07:06
Өлкө башчынын сөзү: "Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн“. Туура кандай чечмеленет экен? Айтылган сөз атылган ок! Ойлонуп, мээни иштетип сүйлөш керек да.
+6
Jaraisyn
2022-01-10 02:01:49
Marni,анан эмне деш керек, биз өзү эл өлгөнбүз. Казакстандагы элчилик, президент баары митинг башталганда кайра-кайра эскертти, алыс болгула, аралашпагыла деп. Биз өзүбүз акчага алданып ошондой жерге барып алабыз. Президент ар бирибизди кармап отуруш керекпи. Мээңди иштетсең.
+1
Datka7777
2022-01-10 03:35:28
Jaraisyn,сен озун мээнди иштет!
-3
Marni
2022-01-10 05:11:08
Datka7777, рахмат!
+2
Marni
2022-01-10 05:04:10
Jaraisyn, конституция боюнча президент өз өлкөсүнүн жарандарына любой жагдайда гарант болуп бериш керек. Мындайча айтканда, "туруп" бериш керек. Жарандардын "кылмышкер го" деп казак бийлигине салып бербей, тескерисинче, элин Кыргызстанга в целости и в сохранности алып келүүнүн камын көрүш керек. Мээңе жеттиби?
-1
Jaraisyn
2022-01-10 02:04:56
Катышкан жок деп ишенимдүү айта аласыңбы? Керек болсо ошол жерде жүргөн кыргыздарды коркутуп да каиыштырып коюшу мүмкүн. "Кыргыздарды чакырыш керек!"деп бир канчыгы телефондо чакырып жасап жатканын угуп, дымагыбыз ашып, өпкөлөнүп барганы калдык го, биз боордошторго жардамга даярбыз деп. 90 миң теңге бергенде келесоолор барат элек.
+3
Jaraisyn
2022-01-10 02:05:31
Жумурткадан кыр издеп, көт чукумай адатты токтотсок, өлкөбүз өнүкмөк.
+3
Aimani
2022-01-10 09:50:59
Бул жерде орустун телеканалдары биздин президент сүйлөгөн сөзүнүн именно ошол жерин кесип алып кайра кайра көрсөтүп жатат. Ошол жагдайда кайрылуу жасады болуш керек. Биз бул жерде не причем. Ажо дагы эми ойлонуп анан ар бир сөзүн таразалап туруп айтсын да . Путин чын эле эки элди кайраштырып жатат окшойт.
0
Ak_Bulut
2022-01-10 11:59:58
Постту чыкканда беш минөттөн кийин окугам, мүмкүн дебей эле койсо болмок экен дегем. Катышкан жок десе болмок экен
+2
Jaraisyn
2022-01-10 14:12:24
Ak_Bulut, Оа эми карасаң соц.сеттерде ушундай чыгымчылдар бар экен, катышкан кыргыздар да чыга келди. Ошол орус, казак медиа кызматкерлери тик ток, фейсбук өңдүү соц.тармактардан маалыматтарды алып чагылдырып атса, бүткүл эл көрөт, ишенет экен. Биздин музыкант жигитибизди кайдан жайдан катышуучу кылып коюшту. Казак бийлигинин кезетеги чыккынчылыгы болду. Террордук күч деди, өщүнүн элинен чыкпагандан кийин байкуш кыргызга жалаа жаап баштады. Башка эмнени айгинелеш мүмкүн
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан