Кыргызстанда июнь айынан бери мал уурулук менен алектенип жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Түп районунун Ак-Таш жайлоосунан 14 баш кой жоголгон. Мындан улам маал ээси милицияга арыз менен кайрылып, Түп РИИБи иликтөөнү баштаган.
Жалпы аталган жайлоодон 80ден ашык баш кой жоголгон. Башында мал ээси карышкыр жеп кетсе керек деп анчейин көңүл бурган эмес. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү делинип 1988-жылы туулган ошол эле райондун тургуну К.Э. кармалды.
Кылмышка шектүү жабырлануучунун жакын таанышы болгон. Анын бир тууганы мал уурдалган сарайда жумушчу болуп эмгектенчү. Кармалган адам айрым күндөрү келип сарайда түнөп да калчу экен.
Кылмышка шектүү уурдаган койлорду сатып, анын акчасына Мазда жана Жигули үлгүсүндөгү унааларды сатып алган.
Учурда факты боюнча 12 кылмыш иши козголду.