UFC: Рафаэль Физиев UFC'нин мурдагы чемпиону менен беттешет

Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев кийинки беттешин 20-февралда өткөрөт.

Анын атаандашы UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, бразилиялык мушкер Рафаэль дос Аньос болот. Бул беттеш "UFC on ESPN+ 59" турниринин алкагында АКШнын Невада штатында өтөт. Эки мушкердин беттеши турнирдин негизги беттеши катары өтөт.

4-декабрдан 5-декабрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди беттештин үчүнчү бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул жеңиши үчүн ал UFC уюмунан жалпы 104 миң доллар алды.

Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал Бред Ридделл менен болгон беттешке Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2022-01-10 10:42:26
Бул ит ким менен талашат бизге не кызык???
+3
medet1983
2022-01-10 12:57:54
Женилишин кутобуз физиевдин
+1
Arzybekkg
2022-01-10 15:28:53
Жазбагылачы ушуну башка спортсмендер калбай калсада... Эмнеге озубуздун мушкерлер one FCде egle FCде бой откорсо аларды жазбайсынар?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан