Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын бүгүн, 10-январда өтөт. Сессияда "Казакстан Республикасындагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү" маселе талкууланат.