Казакстанда 5 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча казак тарап менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
"9-январга карата Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан 5 Кыргыз жараны кармалганы боюнча тууралуу маалымат бар. Азыркы тапта бул боюнча казак тарап менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги Нур-Султан, Актөбе, Атырау, Актау, Кустанай, Кокчетау, Петропавловск, Павлодар, Караганда аймактарындагы Кыргыз жарандары менен байланышта болууда", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.
Министрлик Кыргыз Республикасына кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.
Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандарыбыз төмөнкү телефон номерлери аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:
Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
Кыргыз өлкөсүнүн Нур-Султан шаарындагы элчилиги: