Бишкекте тоноого шектелип 2 жаран кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Павлов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде 30 жаштагы тургунду 2 белгисиз адам коркутуу жолу менен Редми Нот үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, из жашырып кетишкен.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2 жигитти кармаган. Алардын аты-жөнүн тактаганда 1996-жылы туулган жана 1997-жылы туулган жарандар экени белгилүү болгон.

Бул факты Ленин РИИБи тарабынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан