Бишкекте соңку 10 күндүн ичинде 60 мас айдоочу кармалды

Бишкекте соңку 10 күндүн ичинде 60 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрынан тартып, 2022-жылдын 9-январына чейин кайгуул кызматкерлери тарабынан “Бахус” аталышында рейд өткөн. Анын алкагында 6756 ар кандай жол эрежесин бузуу фактылары катталган.

Анын ичинен:

- Мас абалында автоунаа каражатын башкаруу - 60 айдоочу;

- Автоунаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып (тонировка) айдоо - 24 айдоочу;

- Автоунаа каражатын айдоочулук күбөлүгү же Техникалык каражатынын каттоочу документи жок башкаруу - 65 айдоочу;

- Башка жол эрежесин бузуулар - 6607 айдоочу кармалган.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 305 унаа айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан